super.kg logo
  Спорт  

"Чарчады ал". Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбек машыктыруучусунун видеосу тарады

 

Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучунун видеосу тарады.

Өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасанов Мунарбек Сейитбек уулу чейрек финалда америкалык Жамал Харви менен беттешип жатканда рингге чейин кирип келип, секундант болгон. Ошондой эле ал ошол учурда Кыргыз Республикасы деген жазуусу бар футболка кийип алган.

"Колуңду көтөр, макулбу? Ал чарчады", - деген өзбек машыктыруучусу Мунарбекке.

Бул видеодон кийин көпчүлүк кыргызстандыктар өзбекстандык машыктыруучуга ыраазычылык билдиришүүдө. Айрымдары бул машыктыруучу кыргыз-өзбек достугун дагы жакындатканын жазышты.

Мунарбек Сейитбек уулу кечээ, 4-августка караган түнү америкалык атаандашын жеңип, Олимпиаданын жарым финалына жолдомо алды. Бул жок эле дегенде коло байге бар дегенди билдирет.

Жарым финалда Мунарбек Сейитбек уулу болгариялык Хавьер Ибаньес аттуу мушкер менен кез келет. Бул беттеш 9-августка караган түнү өтөт.






Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбек машыктыруучусунун видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: