super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Кыргыз балбанынын негизги атаандашы Олимпиадага катышпай калды

 

Паирж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта фаворит балбандардын бири болгон сербиялык Стеван Мичич жаракатынан улам Олимпиадага катышпайт. Бул тууралуу балбан социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Көп ойлонуп, кабыл алган чечимимди билдирейин, Париждеги Олимпиадага катыша албайм. Бир нече жума мурун мен машыгуу учурунда тиземди кокустатып алгам. Жарыш машыгуулар күчөгөн сайын, жаракатым күчөп, мелдешке катышуу үчүн талап кылынган мүмкүнчүлүгүмдү катуу чектеди.

Дарыгерлер эгер күрөштү улантам десем, реконструктивдүү операция жасатуум керектигин айтышты. Мындан улам Париж Олимпиадасынан баш тартып, калыбына келтирүү процессин баштоодон башка аргам жок", - деп жазды Мичич.

Стеван Мичич Олимпиада оюндарында фаворит балбандардын бири болчу.

Белгилей кетсек, дал ушул салмак категориясында Олимпиада оюндарына кыргыз балбаны Бекзат Алмаз уулу дагы катышат. Азырынча анын атаандаштары кимдер болору так белгилүү боло элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: