Турсунбай Бакир уулу төраганы коомчулукка акыр заман тууралуу кайрылуусун өтүнүүдө
“Ар-намыс”
фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу төрага Асылбек Жээнбековду акыр
заман тууралуу коомчулукка кайрылуусун өтүнүүдө. “Азыр көпчүлүк адамдар акыр
заман болот деп дүрбөлөңгө түшүп жатышат. Кээ бири азык-түлүктөрдү да сатып
алыптыр. Андыктан коомчулук жөн эле ызы-чуу жаратпашы үчүн, сиздин элге
кайрылууңузду суранам”,- деди Турсунбай Бакир уулу Асылбек Жээнбековго кайрылып
жатып. Ошондой эле эл өкүлү 21-декабрь күнү акыр заман болбоорун динге ишенген
адам катары баса белгиледи.
Автор: Айдай Асанбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

