super.kg logo

Интернетте бирөөнү кемсинтип, жалаа жапкандарды жоопко тартуу сунушталууда

 

Интернетте адамды кемсинтип, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендерди жоопко тартуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.

Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, интернеттеги сайт же социалдык тармактагы баракчасында кимдир бирөөнү атайын кемсинткен адамга 100 миң, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу сунушталган.

"Маалымат каражаттары жана интернет-ресурстар аркылуу мазактоо жана кемсинтүү учурлары көбөйүүдө. Бул коомдук адеп-ахлакка жана адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратат. Азыркы мыйзам боюнча күнөөнү далилдөө татаал жана юридикалык ченемдердин көп маанилүүлүгүнөн улам көптөр жазасыз калууда. Бул чыр-чатактардын күчөшүнө, адамдар аралык мамилелердин начарлашына жана коомдук туруктуулуктун бузулушуна алып келиши мүмкүн", - деп жазылат анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: