super.kg logo

Бангладеште демонстранттар мамлекеттик резиденцияны басып алышты (видео) 

 

Адам өлүмүн алган Бангладештеги козголоң дагы да уланып, нараазычылк акциянын катышуучулары премьер-министр жайгашкан мамлекеттик сарайды басып алышты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышууда.

Социалдык баракчаларда мамлекеттик резиденцияга куралдары менен студенттердин кирип келген видеосу тарап жатат. Анда жарандардын кыйкырып, заттарды талкалап жаткандыгын көрүүгө болот.

Айта кетсек, Бангладештин премьер-министри Шейх Хасина нааразылык акцияларынан кийин кызматынан кетип, өлкөдөн чыгып кеткен. Айрым чет элдик ММКлар аскер тик учагы менен Индияга барганын жазышкан.

Июль айында студенттер Шейх Хасинанын бийликтен кетишин талап кылып акцияга чыгышкан. Ага 2018-жылы жокко чыгарылган жумуш квотасы боюнча система кайра калыбына келтирилиши түрткү болгон.

Өкмөт башаламандыктарды басуу үчүн коменданттык саат киргизип, катаал чараларды көргөн.






Бангладеш 05.08.2024

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: