super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков алгачкы атаандашын жеңди

 

Бүгүн, 5-августта Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештер башталды.

Бүгүнкү мелдеште кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков дагы килемге чыкты. Ал 1/8 финалда коңшу казакстандык Айдос Султангали аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи эле казак балбаны Жоламандын артына өтүп 2 упай алды. Буга башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев макул болбой, "челленж" баскычын басты. Видео кайталоону көргөн калыстар казак балбаны буттан кармап жыкканын көрүп, 2 упайды кайра алышты, эсеп 0:0.

Көп өтпөй калыс казак балбанын партерге койду. Андан Жоламан Шаршенбеков дагы, атаандашы дагы 2ден упай алышты, эсеп 2:2.

Экинчи бөлүк башталары менен казак балбаны Жоламанды килемден түртүп чыгарып, дагы бир упай алды. Андан кийин Жоламан атаандашынын артына 2 өтүп, 4 упай алды, эсеп 6:3.

Калган бөлүктө балбандар эсеп санын өзгөртө албай, Жоламан Шаршенбеков 6:3 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен Жоламан Шаршенбеков Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: