super.kg logo

"Сел жүрүп, таш кулайт". ӨКМ туруксуз аба ырайына байланыштуу коопсуз аймактарды атады (тизме) 

 

5-6-август күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин божомолун билдирет. Бул туурасында мекеменин маалымат борбору маалымат таратты.

Маалымдалгандай, өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда, айрыкча Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ысык-Көл, Түп жана Тоң райондорунда, Чүй облусунун Жайыл, Ысык-Ата, Чүй жана Кемин райондорунда, Нарын облусунун Кочкор, Жумгал, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Нарын райондорунда, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Аксы, Чаткал, Токтогул, Тогуз-Тороо райондорунда, Ош облусунун Ноокат, Алай, Чоң-Алай, жана Кара-Суу райондорунда, Талас облусунун Бакай-Ата жана Талас райондорунун аймактарында сел жүрүшү жана унаа жолдордо таш кулоосу активдешиши мүмкүн.

Республиканын унаа жолдоруна сел жана таш кулоого кооптуу тилкелери, айрыкча:

- Бишкек – Ош унаа жолунун 285, 342-348, 358-362, 400, 411-426-чакырымдарында;

- Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 64-65, 68-70, 78-80, 100, 106, 121-124, 133-чакырымдарында;

- Бишкек – Балыкчы (Боом капчыгайы) унаа жолунун 112-128-чакырымдарында;

- Балыкчы – Бөкөнбаев унаа жолунун 64-117-чакырымдарында;

- Талды-Суу – Арал унаа жолунун 4-5-чакырымдарында;

- Ош – Исфана унаа жолунун 64-78, 125-138, 149-190-чакырымдарында;

- Мырзаке – Кара-Шоро унаа жолунун 18-28, 32-37, 44-56-чакырымындарында;

- Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 2-4, 12-13, 22-24 -чакырымындарында сел жүрүүсү жана таш кулоосу активдешүүсү мүмкүн.

ӨКМ айдоочуларды жол жүрүүдө этият болуп, коопсуздук чараларын сактоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: