super.kg logo
  Спорт  

Эң жакшы! Жоламан Шаршенбеков Олимпиаданын жарым финалына чыкты

 

Кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыкты.

Чейрек финалда кыргыз балбаны румыниялык Рэзван Арнаут менен кез келди. Биринчи бөлүктө эле Жоламан атаандашынын артына өтүп, 6 упай иштеп тапты. Өз кезегинде румыниялык машыктыруучу "челленж" баскан. Аны калыстар карап чыгып, Жоламанга дагы 1 упай беришти.

Биринчи бөлүк бүтөрүнө аз калганда Жоламан атаандашынын артына өтүп, дагы 2 упай алып, эсепти 9:0гө айлантты.

Жыйынтыгында эсеп 9:0 болуп, Жоламан Шаршенбеков мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Муну менен Жоламан Париж Олимпиадасынын жарым финалына чыкты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: