super.kg logo
  Спорт  

Олимпиадада Жоламандан жеңилген казак балбаны билдирүү жасады (видео) 

 

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековдун Париждеги биринчи атандашы Айдос Султангали күрөштөн соң казак басылмаларына маек берди.

Анда ал Шаршенбеков "дүйнөнүн биринчи номердеги балбаны" деп белгилеп, чүчүкулакта эле анын даярдыгы мыкты экенин сезгендигин билдирди.

"Болушунча аракет кылып, 100 пайыз күчүмдү жумшадым. Эми анын финалга чыгышын күтөбүз, анткени мен коло үчүн күч сынашам. Анын даярдыгы күчтүү", - деп белгилеген казак балбаны.

Белгилей кетсек, бүгүнкү мелдеште кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков килемге чыгып, 1/8 финалда коңшу казакстандык Айдос Султангали аттуу балбан менен кез келген. Ал аны 6:3 эсебинде жеңип алган.

Жарым финал чыккан кыргыз балбаны Шаршенбеков япониялык Кенчиро Фумита менен беттешет.

Жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.






Казак балбанынын билдирүүсү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: