super.kg logo
  Спорт  

Олимпиада-2024: Бүгүн 4 кыргызстандык балбан килемге чыгат

 

Бүгүн, 6-августта кыргызстандык балбандар Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Жоламан Шаршенбеков жана Мээрим Жуманазаровалар мелдешке чыгат.

Грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта Акжол Махмудов 1/8 финалда АКШ балбаны Камал Амир Бей менен күч сынашат. Ал эми 97 килограммга чейинки салмакта Үзүр Жусупбеков 1/8 финалда литвалык Миндаугас Венкайтис менен таймашат.

Бул беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат. Жарым финалдык беттештер саат 22:15те болот. Анын артынан коло байге үчүн финалдык беттештер өтөт.

Анда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков килемге чыгат. Ал коло байге үчүн күрөшөт.

Андан соң кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште АКШ балбаны Эмит Элор менен алтын медал үчүн күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: