super.kg logo

Абактагы палестиналыктар тууралуу үрөй учурган отчёт жарыяланды

 

Израилдин бийлиги кыйноо лагерлериндеги палестиналыктарды ырайымсыз зордук-зомбулукка жана сексуалдык зомбулукка дуушар кылууда. Бул тууралуу Израилдин "Бецелем" уюмуна таянып чет элдик басылмалар жазды.

Израилдик укук коргоочулар абактагы палестиналыктардын системалуу түрдө кыйноолорго кабылганы боюнча 118 барактан турган үрөй учурган отчёт жарыялады. Израилдик укук коргоочу уюм жаңы баяндамасында өкмөттү 7-октябрдан бери бардык палестиналык туткундарга каршы "институтташтырылган зордук-зомбулук жана кыйноо саясатын жүргүзүп жатат" деп айыптады.

Кыйноолор Израилдин бардык аймагындагы жарандык жана аскерий камак жайларында документтештирилип, натыйжада Израилдин камагындагы кеминде 60 палестиналык каза болду.

"Тозокко кош келиңиздер" деп аталган отчёт басып алынган Газа тилкесиндеги туткундардын жана көпчүлүгү сотсуз камалган Израил жарандарынын 55 көрсөтмөсүнө негизделген.

Сурамжылоого алынгандар кыянаттыкты "үрөй учурарлык" деп сүрөттөшкөн. Докладда камактагыларга ырайымсыз мамиле кылып, өзүм билемдик менен зомбулук көрсөтүү, анын ичинде сексуалдык зомбулук, кемсинтүү, мажбурлап ачка калтыруу, диний милдеттерин аткарууга тыюу салуу, медициналык жардам көрсөтпөө жана жеке буюмдарын конфискациялоо өңдүү кыйноолор колдонулган, анткени алар тегине жана саясий көз караштарына карабастан, палестиналык болгон.

Зордук-зомбулукка кабылгандардын арасында былтыр 7-октябрда согуш башталганга чейин камалган туткундар да бар, ошондой эле 4800гө жакын адам эч кандай айыптоосуз жана сотсуз эле өзүм билемдик менен кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: