Кыргызстандын кум үстүндөгү футбол боюнча кубогу жыйынтыкталды
2-5-августта Ысык-Көлдүн Тосор айылында кум үстүндөгү футбол боюнча Кыргызстандын кубогунун беттештери өттү. Бул тууралуу кечээ, 5-августта Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Ага ылайык, мелдешке жалпысынан 5 команда катышты. Айлампалык оюндардын жыйынтыгында финалга Тосор жана Жети-Өгүз командалары жолдомо алышкан, коло байге үчүн Чүй жана Түп кез келишти.
Ал эми үчүнчү орун үчүн беттеште Түп командасы 3:1 эсеби менен Чүйдү жеңген.
"Кызыктуу финалдык беттеш 4:1 эсебинде Тосордун жеңиши менен аяктады.
Беттештердин соңунда командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















