super.kg logo

Эрдоган Instagram Түркиянын талаптарын аткаргандан кийин бөгөттөн чыгарын айтты

 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөдө Instagram тармагынына салынган тыюу социалдык тармак коюлган талаптарды аткарганда гана алынарын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Түркиянын негиздүү талаптары аткарылса гана маселе автоматтык түрдө чечилет", - деди Эрдоган.

"Палестиналык шейиттердин сүрөттөрүнө чыдабаган, аларга дароо тыюу салган жана муну эркиндик деп аныктаган социалдык медианын санариптик фашизмине туш болдук", - деген ал.

Ошондой эле түрк лидери азырынча Instagram ээлери менен диалог эч кандай жыйынтык бере электигин белгилеген.

Эске салсак, 2-августта Түркиянын бийлиги өлкөдө Instagram социалдык тармагынын иштөөсүнө бөгөт койгон.

Айрым ЖМКлар мындай чечим социалдык түйүн ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Иранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу көңүл айтууларды бөгөттөгөндөн кийин кабыл алынганын жазып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: