super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Акжол Махмудовго алгач эле эзелки атаандашы түштү

 

Кечээ, 5-августта Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында күрөш боюнча экинчи чүчү күлак ташталды.

Анда 77 килограмм салмакта Акжол Махмудовго америкалык Камал Бей туш келди. Эки балбан 1/8 финалда күрөшөт.

Америкалык балбан 26 жашта. Ал 2019-жылдагы Пан Америка чемпионатынын күмүш медалынын ээси, 2023-жылкы Пан Америка чемпионатынын чемпиону жана 2024-жылдагы Пан Америка чемпионатынын коло байге ээси.

Акжол Махмудов Камал Амир Бей менен эки жолу беттешкен. Биринчи беттеш 2017-жылдагы өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында болгогн. Анда америкалык балбан 16:11 эсебинде жеңишке жеткен. Балбандар 2018-жылы өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнө чемпионатында экинчи жолу беттешкен. Жыйынтыгында Акжол Махмудов реванш алып, 3-орун үчүн күрөштө Амир Бейди 8:1 эсебинде жеңип алган.

Андан бери чоңдор арасында эки балбан кез келе элек. Акжол Махмудов көптөгөн ири турнирлерде жеңишке жетип келсе, Камал Бей андай жыйынтык көрсөтө элек.

Камал Бей өз күчү менен Олимпиадага лицензия ута алган эмес. Эл аралык Олимпиада комитети ага орус балбаны Сергей Кутузовдун лицензиясын берген.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: