super.kg logo
  Спорт  

Париж Олимпиадасында дагы бир дүйнөлүк рекорд жаңыланды

 

Таяк менен секирүү боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону, швециялык Арманд Дюплантис Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында алтын байге утуп, жаңы дүйнөлүк рекордду жаңылады.

24 жаштагы Дюплантис үчүн бул оюндардын экинчи алтыны. Буга чейин ал Токиодо 6,02 метр бийиктиктен таяк менен секирип ашып өтүп, алтын уткан.

Ал эми Парижде ал биринчи мүмкүнчүлүгүндө 6,10 метр бийиктикке секирген. Кийинки аракетинде ал 6,25 метр бийиктиктен ийгиликтүү секирип өтүп, жаңы дүйнөлүк рекордду койду.

Буга чейинки Олимпиада рекорду бразилиялык Тиаго Брас да Силвага таандык. Ал 2016-жылы Риодо өткөн Олимпиадада 6,03 метр бийиктиктен секирип өтүп, рекорд койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: