ӨКМ эртең Нарын менен Ысык-Көлдө сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти
Эртең, 7-августта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.
Ага ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
"Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгай, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз.
Кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болсоңуз, токтоосуз 112 кызматына билдириңиз", - деп жазылат анда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.