Париждеги Олимпиадада алтын уткан спортчу өмүр бою бекер тамак жемей болду
Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында алтын байге уткан филиппиндик гимнаст Карлос Юлого бир катар өзгөчө белектер убада кылынды.
The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, жеңишинин урматына Карлос Юло жергиликтүү ишкерлерден толук эмеректер менен жабдылган эки бөлмөлүү батир алган. Ошондой эле ишкерлер ага өмүр бою бекер суши, макаронсы, фаст-фуд, пицца сыяктуу тамактарды жеткирип турууга убада беришкен.
Мындан тышкары ал өлкөдөгү уюлдук телефон сатуу боюнча компаниядан бекер товарларды ала алат.
Ал Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында эки алтын байге утту. Муну менен ал Филиппиндин тарыхында Олимпиадада алтын уткан алгачкы спортчу болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.