super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Акжол Махмудов алгачкы атаандашын жеңди

 

Бүгүн, 6-августта Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында күрөш боюнча мелдештердин экинчи күндүк беттештери башталды.

Бүгүнкү мелдеште кыргыз балбаны Акжол Махмудов дагы килемге чыкты. Ал 1/8 финалда америкалык Камал Бей аттуу балбан менен кез келди.

Биринчи бөлүктө калыстар Акжолдун атаандашын партерге койду. Андан Акжол Махмудов упай ала алган жок.

Экинчи бөлүктө Акжол Махмудов атаандашын килемден эки жолу түртүп чыгарып, дагы 2 упай алды, эсеп 3:0.

Калыстар Камал Бей пассивдүү күрөшкөнү үчүн аны дагы партерге коюп, Акжолго 1 упай беришти. Партерден Акжол Махмудов упай ала алган жок.

Жыйынтыгында жалпы эсеп 4:1 болуп, Акжол Махмудов чейрек финалга жолдомо алды.

Чейрек финалда Акжол Махмдов коңшу казакстандык Демеу Жадраев менен кез келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: