super.kg logo

"Жардамга кол сунуңуз". Акылайдын операциясына ири суммадагы каражат керек (видео) 

 

2007-жылы туулган Акылайга үч айында балдардын церебралдык шал оорусу (ДЦП) деген диагноз коюлган. Анын мындай абалга келгенин апасы Бурулкан Абыкеева төрөт учурунда дарыгерлер туура эмес тартып алгандыгы менен түшүндүрүп келет.

Анын айтымында, кызына эки жыл мурун операция жасалган.

"Эки жыл мурун Акылайга эки жолу операция жасалды. Ал да өз жыйынтыгын берип, жылыш бар. Биз бул менен токтоп калган жокпуз. 17 жаштагы кызыбыздын бутуна туруп, өз алдынча коомго аралашып кетүүсүнө акыркы кадам десек болот. Украинанын Винница шаарындагы "Товмед" медициналык борборунун дарыгерлери тарабынан чакыруу алдык. Ири суммадагы каражат керек болгондуктан кайдыгер карабаган жалпы кыргызстандыктардан жардам сурайбыз", - деди Бурулкан Абыкеев.

Операцияга кетүүчү каражат 5 миң долларды түзөт.

Тагдыры арабага байланган Акылайдын басып кетүүсүнө жардам берүүнү кааласаңыз төмөнкү эсептерге каражат которсоңуз болот.

О709018020 Мбанк

0709018020 Бакай банк (Бурулкан А.)






Акылайга жардам

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: