Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн ким менен күрөшөрү белгилүү болду
Париж Олимпиадасына катышып жаткан кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн ирандык Мехди Мохсен Нежад менен күрөшө турган болду.
Алар 60 килограмм салмак деңгээлинде күч сынашат.
Беттеш Бишкек сааты боюнча 22:15те башталат.
Балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта жарым финалда япониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, 3:4 эсебинде жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.