super.kg logo
  Спорт  

Акжол Махмудов чейрек финалда казак балбанына жеңилип калды

 

Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында кыргыз балбаны Акжол Махмудов жеңилүү ызасын тартып калды.

Ал чейрек финалда казакстандык Демеу Жадраев менен кез келди.

Акжол биринчи бөлүктө партер иштеп таап, андан 6 упай алган. Бирок калыстар ыкма жасаарда буту менен кысып койгон деп, иштеп тапкан упайлардын баарын кайра алышты.

Биринчи бөлүк ошону менен 1:0 эсебинде аяктады.

Экинчи бөлүктө калыстар Акжолду партерге коюп, андан казак балбаны 2 упай иштеп кетти. Муну менен казак балбаны 3:1 эсебинде жеңишке жетти.

Эми Демеу Жадраев финалга чыга турган болсо Акжол Махмудов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: