Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында сынак өтөт
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында сынак өткөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, сынак ушул жылдын 15-августунан 25-декабрына чейин төрт этап менен өткөрүлөт. Ага филолог, журналист, лингвист, философ жана тарыхчылар катыша албайт.
Ар бир сынак эки баскычтан турат. Биринчи баскычта катышуучулар мамлекеттик тилге байланыштуу видео баян жасашат. Ал эми экинчи баскычта улуттук комиссия тарабынан атайын иштелип чыккан тестирлөөдөн өтүшөт.
Сынактын толук жобосу менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышса болот.
https://mamtil.gov.kg/ky/post/958
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.