super.kg logo
  Спорт  

Акжол Махмудовдун салмагында жарым финалга чыккан бардык балбандар белгилүү болду (тизме)

 

Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында күрөш боюнча жарым финалга чыккан бардык балбандар аныкталды.

Мындан улам 77 килограмм салмакта кимдер жарым финалга чыкканын карап көрдүк.

Биринчи чейрек финалда япониялык Нао Кусака өзбекстандык Арам Варданян менен кез келип, 12:2 эсебинде жеңишке жетти.

Экинчи чейрек финалда ирандык Амин Кавианинежад менен армениялык Малхас Амоян менен кез келди. Бул жупта армениялык Малхас Амоян жеңишке жетти.

Кийинки чейрек финалда кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен казакстандык Демеу Жадраев кез келип, Акжол казак балбанына 3:1 эсебинде жеңилди.

Акыркы чейрек финалда венгриялык Золтан Леваи менен азербайжандык Санан Сулейманов кез келип, бул жупта Сулейманов 1:1 эсебинде жеңишке жетти.

Жыйынтыгында төмөндөгү балбандар Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыгышты: Нао Кусака (Япония) - Малхас Амоян (Армения);

Демеу Жадраев (Казакстан) - Санан Сулейманов (Азербайжан).

Жарым финалдык беттештер бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: