super.kg logo
  Спорт  

UWW Акжол Махмудовдун сенсациялуу жеңилишине дароо реакция жасады

 

Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргыз балбаны Акжол Махмудовдун Париж Олимпиадасынын чейрек финалындагы сенсациялуу жеңилишине реакция жасады.

"Махмудов артка кетип жатат. Демеу Жадраев жаңы эле эки жолку Дүйнө чемпиону Акжол Махмудовду 3:1 эсебинде утуп, жарым финалды камсыздады.

Эми Жадраев Дүйнөнүн эки жолку дагы бир чемпиону Санан Сулейманов менен 77 килограмм салмактын финалы үчүн кез келет", - деп жазды дүйнөлүк уюм.

Акжол Махмудов Париж Олимпиадасынын чейрек финалында казакстандык Демеу Жадраевге сенсациялуу утулуп калган.

Казакстандык балбан финалга чыга турган болсо Акжол коло байгеге күрөшүү мүмкүнчүлүгүн алат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: