Парижде алтын уткан казак спортчусунун "Көк Жигулиге" тытып бийлеген видеосу тарады
Париж Олимпиадасында Казакстанга алтын медалды утуп келген дзюдочу Елдос Сметовдун жакындары "жеңиш той" өткөрүшүп, анда спортчу машыктыруучусу менен бийди тытты. Андагы видео социалдык тармактарга тарады.
Майрамдык иш-чара учурда тартылган видео социалдык тармактарда популярдуу болууда. Анда Елдос Сметов машыктыруучусу менен "Көк Жигули" ырына бийлеп, дзюдодо эле эмес, бий боюнча да талантын көрсөткөн.
Интернет колдонуучулар Сметовдун ритмди мыкты сезе турганын белгилешип, ошондой эле спортчуну "Олимпиадада жеңишке жеткендей эле бийлейт го" деп тамашалашкан.
Елдос Сметов Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 60 килограмм салмакта дзюдо боюнча алтын байге уткан.
Елдос Сметов машыктыруучусу менен укмуш бийледи
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:19
2025-06-26

10:19
2025-06-26

9:54
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.