super.kg logo

Кыргызстанга келген Airbus учагынын бажы төлөмү төлөнбөгөнү аныкталды

 

Кыргыз транспорттук прокуратурасы өлкөгө алынып келинген учактын бажы төлөмдөрү мамлекеттик бюджетке түшпөй калгандыгын аныктады. Бул туурасында бүгүн, 6-августта Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги тарабынан авиакомпаниялардын бирине таандык болгон Airbus учагы өлкөнүн аба кемелеринин реестрине катталып, ага Кыргызстандын улуттук таандыктыгы тууралуу статусу ыйгарылган.

Бирок, авиакомпания учакты өлкөгө белгисиз мөөнөткө алып келген. Тийиштүү бажы жол-жобосун өтүүдөн качуу жолу менен учакты ижарага алынгандыгы жөнүндө формалдуу келишимин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына тапшырып, мамлекетке бажы төлөмдөрү алынбай калган.

"Транспорттук прокуратурасы тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө тийиштүү прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекеттик кирешеге 13 млн 998 миң 279 сом акча каражаты чегерилди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: