super.kg logo
  Спорт  

Олимпиадада Мунарбекке секундант болгон өзбек машыктыруучусу сыйланды (видео)

 

Өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановго "Чыңгыз Айтматов" атындагы медаль ыйгарылды. Бул тууралуу "Ысык-Көл форуму” эл аралык коомдук бирикмесинин башкы катчысы Ассоль Молдокматова билдирди.

Анын айтымында, улуу жазуучунун уулу, экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен болгон сүйлөшүүдө өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановго адамгерчилиги үчүн "Чыңгыз Айтматов" атындагы медалды тапшыруу чечими кабыл алынган.

"Бүгүн урмат-сый иретинде өзбек чепкенин кийип, Париждеги өзбекстандык машыктыруучу Акмал Хасановго телефон чалып, залкар жазуучу "Чыңгыз Айтматовдун" медалы менен сыйланганын айтып, ыраазычылыгын билдирип, кубандырдым. Бүгүн Өзбекстандын мушкерлеринде мелдештер болуп, Акмал байланышка чыкты. Акмал - адамгерчилик, бир туугандык мамилеңиз үчүн рахмат! Баалайбыз, сыйлайбыз, суктанабыз! Сизди күтөбүз! Сиз бардык мактоолорго жана сыйлыктарга татыктуусуз!", - деген Ассоль Молдокматова.

Буга чейин Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыккан Мунарбек Сейитбек уулуна секундант болгон өзбекстандык машыктыруучунун видеосу тараган.

Бул видеодон кийин көпчүлүк кыргызстандыктар өзбекстандык машыктыруучуга ыраазычылык билдиришүүдө. Айрымдары бул машыктыруучу кыргыз-өзбек достугун дагы жакындатканын жазышкан.






Мунарбекке секундант болгон машыктыруучу сыйланды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: