Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту
Кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медаль утту.
Атаандаштарын сенсациялуу түрдө утуп, финалга чыккан Мээрим Жуманазарова финалда америкалык Эмит Элор аттуу балбан кыз менен кез келди.
Америкалык балбан бир топ активдүү болуп, биринчи бөлүктө үч упай алды. Экинчи бөлүктө эки балбан тең упай ала албай, беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталды.
Муну менен Мээрим Жуманазарова Кыргызстандын тарыхында Олимпиаданын күмүш медалын уткан экинчи балбан кыз болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.