"Кудайга шүгүр". Жоламан Шаршенбеков Париждеги жеңишинен кийин билдирүү жасады
Париждеги Олимпиадада коло байге уткан Жоламан Шаршенбеков жеңишинен кийин кийим алмаштыруучу жайдан эле маек бергенге жетишти.
Анда кыргыз балбаны алдыда боло турчу Олимпиадага катыша турганын айтты.
"Бул Олимпиадага көптөн бери даярданып, алтын үчүн келгенбиз. Кудайдын буйругу ушул экен, мен алтын алгым келген. Бул нерсеге дагы Кудайга шүгүр. Айта турчу сөз көп, буюрса, муну менен токтобойбуз.
Утулдум деп үмүттү үзүп, баарын таштап салган туура эмес. Балким, Аллахым астыда мага чоң нерселерди даярдап турат. Токтобойбуз, келе жаткан Олимпиадага дагы даярданабыз", - деди Жоламан Шаршенбеков.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.