super.kg logo
  Спорт  

Мээрим Жуманазарова пьедесталга чыкканда көзүнө жаш алды (видео) 

 

Бүгүн, 7-августка караган түнү Париж шаарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча медаль уткан балбандарды сыйлоо аземи өттү.

Анда Олимпиада пьедесталына күмүш байге уткан Мээрим Жуманазарова дагы чыгып, Кыргызстандын туусу Олимп оюндарында экинчи ирет көтөрүлдү. Сыйлоо аземи учурунда медаль алып жатып, кыргыз балбаны көзүнө жаш алды.

Белгилей кетсек, Олимп оюндарында Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен беттешти. Ал атаандашынан 0:3 эсеп менен жеңилип калды.

Парижде өтүп жаткан Олимпиадада Мээрим Кыргызстандын куржунуна алгачкы күмүш медалды алып келди.

Ал Токиодо өткөн Олимп оюндарында коло медаль утуп алган. Бул күнгө карата Олимпиада оюндарында эки жолу медаль алган алгачкы спортчу болду. Эми алдыда чыга турган балбандарыбыздан да үмүт артып туралы.






Мээрим Жуманазарова пьедесталга чыкканда көзүнө жаш алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: