Париж-2024: Бүгүн кайсы кыргыз балбандары килемге чыгат?
Бүгүн, 7-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 3 кыргызстандык спортчу килемге чыгат.
Кыргыз балбандары Акжол Махмудов менен Үзүр Жусупбеков коло медал үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгышат.
Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограммга чейинки салмакта колумбиялык Алексис Муньоз менен күч сынашат. Ал эми Жусупбеков көңүл жубатуучу бөлүктө АКШ балбаны Жосеф Патрик Рау менен күрөшөт.
Бүгүн грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта кыргызстандык Амантур Исмаилов да килемге чыгат.
Таймаштар Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:20
2025-10-31
8:20
2025-10-31
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















