super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Кыргызстан медалдардын саны боюнча канчанчы орунга чыкты?

 

Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында медалдардын саны боюнча Кыргызстан 56-орунга жайгашты.

Бүгүн, 7-августка карата 24 алтын, 31 күмүш жана 31 коло менен АКШ биринчиде. Ал эми 22 алтын, 21 күмүш, 16 коло байге алган Кытай экинчи орунга жайгашса, Австралия өлкөсү 14 алтын, 12 күмүш, 9 коло менен үчтүктү толуктап турат.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 31-орунга жайгашып, азырынча лидерликте. Коңшу өлкөнүн куржунунда 1 алтын, 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Бул тизмеде Өзбекстан 1 алтын, 2 коло менен 39-орунга чыкты. 3 коло байге уткан Тажикстан 66-орунда.

Учурда Кыргызстан 1 күмүш жана 1 коло байге алып, 56-сапка жайгашты.

Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова күмүш байге, грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: