SAIMA интернети дагы арзандады жана өлкө аймагында алгачкы жолу 500 Мбит/сек чейин чыкты
Saima Telecom’дон эки супер жаңылык бар жана аларды уккандан кийин дароо кошууга өтүнмө калтырасыздар.
Биринчи жаңылык: Популярдуу «Премиум 300 + O!TV» тарифинин баасы айына 1180 сомдон 980 сомго түштү!
Сиз үй жумуштарын аткаруу жана көңүл ачуулар үчүн минималдуу баа менен максимум интернет-кызматтардан пайдалана аласыз:
- 300 Мбит/сек чейин жогорку ылдамдыктагы интернет;
- Мыкты сапаттагы 220дан ашуун каналы менен жаңы муундагы интерактивдүү ТВ;
- Кошумча акысыз 5 онлайн-кинотеатр: Etnomedia, Start, Wink, Premier, О!Кино;
- Түз эле телевизордон YouTube көрүү;
- 1 аккаунтка 5 түзүлүш кошуу мүмкүндүгү;
- Түз эфирди башкаруу мүмкүндүгү;
- Көрүүнү кийинкиге калтыруу жана жарнаманы түрдүрүп жиберүү;
- Жаздырылган программаларды тандоо.
Экинчи жаңылык: Saima Telecom Кыргызстанда алгачкы жолу флагмандык тарифтин ылдамдыгын 500 Мбит/сек чейинкөбөйттү!
Супер ылдам интернетти жакшы көргөндөр үчүн эң сонун жаңылык. «Премиум 500 + O!TV» тарифин кошуп алган учурда сизге сервистердин ошол эле кеңири топтому, бирок 500 Мбит/сек чейинки ылдамдыкта берилет. Мунун баары супер пайдалуу баада – айына болгону 1180 сом! Интернеттин мындай жогорку ылдамдыгы үйдөн эле көз ирмемде көңүл ачуулардын дүйнөсүнө чөмүлүү мүмкүндүгүн берет.
Интернет-жабдуу
ТВ-приставка жана бир гигабиттик Wi-Fi роутер жоопкерчиликтүү сактоого акысыз берилет, ошондой эле жабдууну 2900 сомго сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Кошууга өтүнмөнү төмөнкү жолдор менен берсе болот:
- компаниянын saimatelecom.kg сайтынан;
- 0708 909 000 номерине чалуу же WhatsApp/Telegram аркылуу жазуу;
- «Мой О!» тиркемесиндеги Saima Telecom бөлүмүнөн;
- Бишкек ш., Лев Толстой көч., 1/3 дарегинде жайгашкан башкы кеңседен.
«Премиум 300 + O!TV», «Премиум 300 +», «Премиум 500 + O!TV» жана «Премиум 500 +» тарифтери жеке жактар жаңы жана учурдагы абоненттер үчүн жеткиликтүү. Учурдагы тарифтик пландын жана ушул Тиркеменин шарттарында ар кандай себептерден улам келишимди мөөнөтүнөн мурун бузган жана/же байланыш кызматтарын колдонбогон учурда, Оператордун Абонентти байланыш кызматтарына кошуу боюнча чыгымдарынын ордун толтуруш үчүн, ошондой эле Абонент алгачкы 24 айдын ичинде келишимдин шарттарын аткарбаган учурда Абонент кошуунун шарттуу баасын: 2 500 (эки миң беш жүз) сом төлөөгө милдеттенет.
300 Мбит/сек жана 500 Мбит/сек чейинки ылдамдыктагы тарифтерди кошуу жеткиликтүү болгон аймактарды компаниянын менеджерлеринен же күнү-түнү иштеген Байланыш борборунан билсеңиздер болот. Сунуш «Ала-Тоо 3» жана «Ак-Ордо» конуштарынын тургундарын камтыбайт.
КР МТБМК караштуу МБА 24.11.2003-ж. №03-292-КР лицензиясы. Маалымат жарыяланган күнгө карата актуалдуу.
