Темир Сариев: "Бүгүн парламент биргелешкен ишканага “баргыла” же “барбагыла” деген чечим кабыл алып бериш керек"
Бүгүн парламент биргелешкен ишканага “баргыла” же “барбагыла” деген чечим кабыл алып бериш керек. Бул туурасында КРнын Экономика министри Темир Сариев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
“Сиздерге келишимдин долбоорун алып келдик. Эгер Жогорку Кеңеш жактырса, анда кийинки сүйлөшүүлөр жүрөт”, - деди министр.
Ал өз сөзүн “Кумтөр" маселеси чыр. Кен Кыргызстан үчүн кызмат кыла турган байлык болуш керек” деп жыйынтыктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
Рейтинг:
0

