super.kg logo

Баткенде мыйзамсыз алтын казууга шектүү 4 жаран кармалды (видео)

 

Баткенде мыйзамсыз алтын казып келишкен деген шек менен 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл өкмөтүндө жайгашкан Ничкесу кенинен алтын рудаларын мыйзамсыз алып чыгууга тиешеси бар делген жарандарды аныктаган. Аныктоо иштери Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун (Өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн.

"Алардын быйыл апрель айынан тартып июль айынын аягына чейин мамлекеттин өзгөчө менчиги болуп саналган жер казынасына кол салышканы такталды. Тагыраагы, уруксат берүүчү лицензиясы жок эле алтын кендерин өз алдынча иштетип жүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө тереңдиги 2 метрден 5 метрге чейин жеткен, туурасы 3 метр, узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганы белгилүү болгон.

Шектүү делген 4 жаран Баткен райондук сотунун чечими менен кармалып, 2 айга тергөө абагына киргизилген.

УКМК бул ишке тиешеси бар башка адамдарды жана мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






07.08.24

07.08.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: