super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Жоламандан жеңилген ирандык балбан килемден эле күтүүсүз иш-аракет жасады (видео)

 

Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн беттеште кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбековго жеңилген ирандык Мохсен Нежад жеңилүүсүнөн кийин эле килемден күтүүсүз иш-аракет жасады.

Ал калыс Жоламандын колун көтөргөндөн кийин килемдин үстүнөн спорттук бут кийимин чечүүгө аракет кылды. Ал бут кийиминин боосун чечип жатканда машыктыруучусу чуркап келип, аны токтотуп калды. Машыктыруучусу анын колун кармап, спорттук бут кийимин чечтирбестен килемден алып чыгып кетти.

Адатта күрөштө карьерасын бүтүрүп жаткан балбандар беттештен кийин спорттук бут кийимин чечип, маттын үстүнө коёт.

Бул иш-аракети менен Жоламан Шаршенбековдун атаандашы коло медаль утпасам, карьерамды бүтүрөм деп килемге чыккандай элес калтырды.






Жоламандан жеңилген ирандык балбан килемден эле күтүүсүз иш-аракет жасады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: