Париж-2024: Медалдардын саны боюнча АКШ менен Кытай караандатпай кетти (тизме)
Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында АКШ медалдардын саны боюнча башка өлкөлөрдөн бир топ алдыга кетти.
Бүгүн, 7-август Бишкек убактысы боюнча саат 12:10го карата АКШ 24 алтын, 31 күмүш жана 231 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга Кытай 22 алтын, 21 күмүш, 16 коло медалы менен жайгашса, Австралия 14 алтын, 12 күмүш жана 9 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
Ал эми бул тизмеде Кыргызстан 1 күмүш жана 1 коло медалы менен Косово, Таиланд өлкөлөрү менен чогуу 55-орунда келе жатат.
Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.