Париж-2024: Сенсация жараткан балбан 100 граммдын айынан дисквалификацияланды
Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында кыз-келиндер күрөшү боюнча 50 килограмм салмакта финалга чыккан индиялык балбан Винеш Пхогат керектүү салмактан ашып кеткендиктен дисквалификация болду.
Ал шейшемби күнкү беттештерде салмакты ийгиликтүү тапшырган. Эреже боюнча балбандар килемге чыгар алдында дагы таразага түшүшөт. Бүгүн индиялык балбандын салмагы талап кылынгандан 100 грамм ашып кеткен.
Мындан улам калыстар аны Олимпиада оюндарынан дисквалификация кылышты.
Винеш Пхогат алтын медаль үчүн америкалык Сара Энн Хильдебрандт менен беттешмек.
Белгилей кетсек, дал ушул индиялык балбан Олимпиаданын 1/8 финалында башкы фаворит болгон япониялык Юи Сусакини жеңип, сенсация жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.