Париж-2024: Акжол Махмудов коло байге үчүн эки жолку Дүйнө чемпиону менен күрөшмөй болду
Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Көңүл жубатуучу беттеште кыргыз балбаны колумбиялык балбан менен кез келип, 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Коло байге үчүн беттеште Акжол Махмудов эки жолку Дүйнө чемпиону болгон Санан Сулейманов менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.