Орусия Кыргызстандан барган 42 тонна дарбызды артка кайтарды
Орусия Кыргызстандан барган 42 тонна дарбызды кайтарганы Россельхознадзордун расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, унааларды текшерүү учурунда дарбыздар алдына саман төшөлүп ташылып келгени аныкталган.
"Саман да өсүмдүк деп эсептелгени менен, ал үчүн фитосанитардык сертификат болгон эмес. Мыйзамдын талаптары бузулгандыктан 42 тонна дарбыз жүктөлгөн эки унаа артка кайтарылды", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми дарбыздарды ташып барган Н.М. менен К.Н. аттуу кыргыз жарандарына Орусиянын Административдик тартип бузуулар кодексинин 10.2-беренеси боюнча айып тагылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.