super.kg logo

Англияда мигранттар жашаган мейманканаларды өрттөөгө чакырган чиновниктин жубайы кармалды

 

Англияда Батыш Нортгемптоншир штатынын кеңешинин мүчөсү Рэймонд Коннолинин жубайы Люси Конноли кармалганын чет элдик басылмалар жазууда.

Ал X социалдык түйүнүнө Саутпорт шаарындагы каргашалуу окуядан кийин мигранттар жашаган мейманканаларды өрттөөгө чакырган пост жазганы үчүн кармалган. Учурда Консервативдик партиянын мүчөсүнүн аялы убактылуу кармоочу жайда экени айтылууда.

Белгилей кетсек, Англиядагы мыйзамсыз миграцияга каршы маанай балдарга бычак менен кол салган адам өлкөгө башпаанек издеп келген келгин болгон деген маалыматтан улам тутанган.

Полиция 29-июлда Саутпорт шаарында балдарга бычак менен кол салуу болгонун тастыктаган. Каргашада үч наристе көз жумуп, эки чоң киши оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү катары 17 жаштагы өспүрүм кармалып, ага үч кишинин өлүмү, ондогон адамды өлтүрүү аракети жана курал сактоо боюнча айып тагылган. Полиция кол салууну террорчулук менен байланыштырган эмес. Каргаша балдар бий жана йога менен алектенип жатканда болгон.

Кол салган шектүү келгин болгон деген такталбаган маалыматтан улам бир катар шаарлардын тургундары нааразылык акциясына чыгып, кийин ал массалык башаламандыкка айланып кеткен. Жаалданган демонстранттар мигранттар жашашы мүмкүн делген мейманканаларга кол салышкан. Кийинчерээк Sky News телеканалы руанда бүлөсүнөн чыккан айыпкер Уэльсте төрөлгөнү аныкталганын кабарлаган.

Учурда тополоңго чыккан 400дөн ашык адам кармалганы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: