Париж-2024: Амантур Исмаилов алгачкы атаандашын 12:1 эсебинде жеңди
Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында алгачкы атаандашын мөөнөтүнөн мурда жеңди.
1/8 финалда кыргыз балбаны грузиялык Рамаз Зоидзе менен кез келип, биринчи бөлүктө эле 12:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Муну менен Амантур Исмаилов Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыкты.
Чейрек финалда Амантур Исмаилов украиналык Парвиз Насибов аттуу балбан менен кез келет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.