super.kg logo

Париж-2024. Кубалык 41 жаштагы балбан 5-алтынынан кийин карьерасын жыйынтыктады

 

Кубалык 41 жаштагы грек-рим күрөшү боюнча балбан Михаин Лопес Нуньес Париждеги Олимп оюндарында алтын утуп, өз карьерасын жыйынтыктады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.

Маалымдалгандай, ал өз карьерасында буга чейин 4 жолу Олимпиада чемпиону болгон. Буга чейин ал Пекин, Лондон, Рио жанан Токиодо финалда жеңген, Олимпиаданын тарыхында катары менен алтын алган жалгыз балбан.

Парижде 130 килограмм салмакта килемге чыгып, финалда ийгиликке жеткен. Ал Түштүк Корея, Иран жана Азербайжан өлкөлөрүнүн балбандары менен күрөштү.

41 жаштагы спортчу финалда Чилинин балбаны Ясмани Акоста Фернандести жеңип, Олимпиаданын бешинчи жолку чемпиону аталды.

Дүйнөлүк рекордсмен финалда бут кийимин чечип, килем үстүнө таштап чыгып кеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: