super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024. Мунарбек Сейитбек уулунун беттешке чыга турган убактысы белгилүү болду

 

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу эртең 8-августта жарым финалдык беттешин өткөрөт.

Маалымдалгандай, бокс 9-августка караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:30да орун алат.

Белгилей кетсек, бокс боюнча 57 килограммга чейинки салмакта катышкан Мунарбек Сейитбек уулу алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштаган. Анда кубалык Орта Родригез менен беттешип, 3:2 эсебинде атаандашын жеңип, чейрек финалга чыккан.

Чейрек финалда кыргыз мушкери 2021-жылы дүйнө чемпиону болгон америкалык Жамал Харви менен беттешип, аны дагы 3:2 эсебинде жеңди.

Жарым финалда ал болгариялык Хавьеи Ибанез Диас менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: