Париж-2024: Амантур Исмаилов коло байге үчүн күрөшүүгө мүмүнчүлүк алды
Кыргыз балбаны Амантур Исмаилов Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгеси үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Баары ал чейрек финалда жеңилген украиналык Парвиз Насибовдон көз каранды болчу. Украиналык балбан жарым финалда азербайжандык Хасрат Жафаровду жеңип, финалга чыкты. Мындан улам кыргыз балбаны көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Анда Амантур сербиялык Мате Немеш менен күрөшөт, аны утса коло байге үчүн Хасрат Жафаров менен кез келет.
Парвиз Насибов муну менен экинчи ирет Олимпиада оюндарынын финалына чыкты. Токиодогу Олимпиаданын финалында ал ирандык Мохаммадреза Гераеиге 9:1 эсебинде жеңилип калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.