super.kg logo
  Спорт  

Баракелде! Акжол Махмудов Париж Олимпиадасында коло медаль утту

 

Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында коло байге үчүн беттешип, жеңишке жетти.

Ал коло байге үчүн күрөштө азербайжандык Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Санан Сулейманов менен кез келди.

Анда кыл чайнашкан беттеште кыргыз балбаны Санан Сулеймановду 6:5 эсебинде жеңип, Олимпиада оюндарынын коло байгесине ээ болду.

Муну менен Акжол Махмудов Олимпиада оюндарында катары менен эки медаль жеңди.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов дал ушул балбан менен 2023-жылы Белградда өткөн Дүйнө чемпиондугунун финалында дагы күрөшкөн. Анда кыргыз балбаны 1:1 эсебинде жеңишке жеткен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: