super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Акжол Махмудовдун салмагында 3 медаль Азияга кетти

 

Париж шаарында өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта медаль ээлери аныкталды.

77 килограмм салмакта Олимпиада чемпиону япониялык Нао Кусака болду. Ал финалда казакстандык Демеу Жадраевди 5:2 эсебинде утуп, карьерасында биринчи ирет Олимпиада медалын утту.

Күмүш байгени казакстандык Демеу Жадраев алса, коло байгелерди кыргызстандык Акжол Махмудов менен армениялык Малхас Амоян алышты.

Буга чейин 60 килограмм салмакта бардык медаль Азия өлкөлөрүнө кеткен. Тагыраагы, алтын медалды япониялык Кеничиро Фумита утса, күмүштү кытайлык Цао Лиго, коло медалдарды кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков жана түндүк кореялык Ли Сеун утушкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: