super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "20 жылдан бери жомок угуп келе жатабыз"

 

Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-декабрда  "Кумтөр" маселеси каралууда. Депутаттар кыргыз өкмөтү менен канадалык "Центерра Голд.Инк" компаниясынын акцияларды  50х50 пайыздык үлүш менен бөлүшүп, биргелешип иш алып баруу тууралуу долбоорду талкуулашууда. 

Темир Сариев "Кумтөр" боюнча макулдашуу күчүнө киргенде компаниянын иштөө шарттары тууралуу маалымат берди. "Бүгүнкү сиздерге сунушталып жаткан келишим 2026-жылга чейин.  Андан кийин шарт өзгөрөт. Буга чейин коюлган баланста 410 тонна алтын бар. Адистер ошону казып алып бүткөндөн кийин ал жакта 400 тоннага чейин алтын калат деп жатышат. Ал башка шартта казылат. Коррупциялык иштер токтотулбай, мыйзам чегинде каралат. Эгерде кандайдыр бир маселелер боюнча далилдер болсо "Центерра" өз мойну менен жоопко тартылат же бул келишимдер бузулат. Калдыктарды сактоочу жайлардын тейлөөсү, анын чыгымдары реструктуризациялаганга чейин "Центерранын" эсебинен,  андан кийинки аткарыла турган иш-чаралар Биргелешкен ишканага өтөт. 2026-жылы калдык сактаган жайдын ээси Кыргызстан болот",- деди экономика министри.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кайрылып “Өмүрбек Чиркешович сиз күлбөңүз! Мага сөзүмдү бүтүрүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Бул жакта уга турган да депутаттар бар”,- деди Темир Сариев.

Депутаты Өмүрбек Текебаев фракцияларга 10 мүнөттөн убакыт берип, алардын оюн угуу керектигин билдирди. “Мен бул жомокту 20 жылдан бери угуп келе жатам. Буларды 20 мүнөт сүйлөтүп адвокат кылбастан, биз да окуп, талкуулап, көз карашыбызды билдирели”,- деди ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: