super.kg logo
  Спорт  

Париж-2024: Бүгүн Кыргызстандан кайсы спортчулар күч сынашат?

 

Бүгүн, 8-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандан үч спортчу күч сынашат.

Балбан Амантур Исмаилов Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө грек-рим күрөшү боюнча 67 килограммга чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыгат. Анда Исмаилов сербиялык Мате Немеш менен күрөшөт, аны утса коло байге үчүн азербайжандык Хасрат Жафаров менен кез келет.

Ал эми Бекзат Алмаз уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 57 килограммга чейинки салмак ченинде катышат. Ал 1/8 финалда казакстандык Мейрамбек Картбай менен күрөшөт. Таймаштар саат 15:30да башталат.

9-августка караган түнү бокс боюнча мелдеш башталып, Бишкек убактысы боюнча саат 01:30да орун алат. Анда мушкер Мунарбек Сейитбек уулу 57 килограммга чейинки салмак ченинде финалга чыгуу үчүн болгариялык Хавьер Ибанес Диас менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: