super.kg logo
  Спорт  

Мээрим Жуманазарованын Олимпиадага аз калганда операциядан баш тартканы маалым болду

 

Балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына аз калганда операция кылдыруудан баш тарткан. Бул тууралуу Жуманазарованын машыктыруучусу Чынарбек Изабековдун жубайы социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Мээримдин Дүйнө чемпиондугунда алган жаракаты аны спорттук жашоодон четтетип, көпчүлүк ал жок дегендей түр көрсөтүп, спорттук иш-чараларга чакырбай калышкан.

"Аны жакын достору, үй-бүлөсү жана машыктыруучусу гана колдоп турду. Мындай да болот, бул жашоонун чындыгы. Олимпиада оюндарына аз калганда операция кылдыруудан баш тартты. Операциясы жок калыбына келүүнү туура көрдү. Алты ай машыккан жок, андан кийин акырындан спортко кайта баштады. Бул Мээримдин эрктүүлүгү деп билсек болот. Мээрим өзүнүн тажрыйбасы жана Кыргызстандын намысын коргоого болгон зор умтулуусунун аркасында жеңишке жетти. Жолдошумду да куттуктайм. Мээримге эч ким ишеним көрсөтпөгөндө, ишеним артып, колдоп, Олимп оюндарына даярдады", - деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Олимп оюндарында Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Эмит Элор менен кез келип, тилекке каршы, 0:3 эсеби менен жеңилип калды.

Балбан кыз Кыргызстандын куржунуна күмүш медаль алып келди. Муну менен Жуманазарова Кыргызстандын эгемендик тарыхында Олимпиадада эки жолу байге алган алгачкы спортчу болду. Ага Акжол Махмудов коло байге утуп кошулду. Махмудов Токиодогу Олимпиадада күмүш байге менен кайткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: